Бишкек шаарынын Свердлов райондук Салык кызматынын кызматкери пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу SUPER.KG'ге Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынан кабарлашты.
Маалыматка караганда, аталган мекемеге Ш.Э. аттуу жаран салык кызматкери пара талап кылып жатканын айтып кайрылган.
“Райондук салык кызматкери ишти оң жагына чечип берем деп 15 миң сом пара талап кылган. Келип түшкөн арыз боюнча ыкчам иликтөө чаралары жүргүзүлүп, шектүү пара алып жаткан жеринен кармалды. Учурда бул факты боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 312-беренесинин негизинде кылмыш иши козголду. Учурда тергөө жүрүп жатат”, - деп билдиришти Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматынан.