Тажикстандын ички иштер министри Дангара районунда каза болгон 4 туристтин өлүмүнө себеп болгон версияларды атады

Тажикстандын ички иштер министри Рамазон Рахимзода Дангара районунда каза болгон туристтердин өлүмүнө себеп болгон версияларды атады. Министр ошондой эле окуяны президент Эмомали Рахмон өз көзөмөлүнө алганын 30-июлда өткөргөн маалымат жыйынында тажикстандык журналисттерге билдирди.

"Биз алгач иликтөөдө "бул жерде жол кырсыгыбы, адам өлтүрүүбү же теракт болдубу" дегенди аныктап алышыбыз зарыл. Чет өлкөлүк жарандарды унаа менен сүзүп кеткен айдоочу жана анын жүргүнчүлөрү аларга бычак жана курал менен кол салышкан. Каза болгондор жана жаракат алгандар АКШнын, Нидерландынын, Швейцариянын жана Франциянын жарандары болушкан. Бул окуяны өлкө башчы Эмомали Рахмон өз көзөмөлүнө алды", - деди министр.

Каза болгон жарандардын экөө АКШнын, экөө Швейцария менен Нидерландынын жарандары болушкан.

Ал эми АКШнын Тажикстандагы элчилиги бул окуяны кол салуу деп атап, окуянын иликтенүүсүн кошо көзөмөлгө ала турганын билдирген.

Президент Эмомали Рахмон бул окуяга байланыштуу АКШнын, Швейцариянын жана Нидерландынын президенттерине көңүл айтуу телеграммасын жиберди.

Эске салсак, Тажикстанда саякаттоо үчүн келген чет өлкөлүк жарандарды унаа сүзүп, төртөө каза болгон. Жол кырсыгы 29-июлда Дүйшөмбү шаарынын Дангара районунда болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан