ЖЫЛНААМА, 1-АВГУСТ: Тарыхтагы эң көп титулдуу германиялык футболчу Бастиан Швайнштайгер 34 жашка чыкты

Бүгүн немис футболчусу Бастиан Швайнштайгер 34 жашка чыкты. Ал 1984-жылы 1-августта Германиянын Кольбермор шаарында төрөлгөн.

Кичинекей Басти тоо-лыжа спортчусу болом деп кыялданчу. Мунун себеби анын ата-энеси лыжа чыгарчу ишканада эмгектенишчү. "Бул спортто лыжаларыңды өзүң көтөрүп жүрөсүң" деген сөздү уккандан кийин топтун артынан түшүүгө өтүп кеткен. Бастиан Швайнштайгерди чоң футболго жетелеп келген машыктыруучу Оттмар Хитцфельд болгон. Көпчүлүк учурда машыктыруучулар "Бастианды талаадан тап" деген баш катырма менен алек эле. Анткени жарым коргоочулук позицияны ээлеген футболчу талаада дээрлик көзгө урунчу эмес. Аны жаңы деңгээлге Луи ван Гал чыгарганын өзү белгилейт. Бул насаатчы Бастиандын орду талаанын так ортосу, атаандаштын чабуулуна тоскоол жаратуу экендигин белгилеген. Ушундан тарта Германияда дүйнөлүк деңгээлдеги мыкты оюнчу өсүп чыккан.

Ал Германиянын курама командасында 2004-2016-жылдар аралыгында ойноп, узак убакытка команданын капитаны болгон. Аны менен Дүйнө чемпиону болууга жетишип, жалпы Германия курама командасы менен 121 оюнга катышып, 21 гол жараткан.

Клубдук карьерасын Германиянын күчтүү клубдарынын бири "Бавария Мюнхенде" 2000-жылы ойноп баштаган. Бастиан Швайнштайгер "Бавария" клубунда 342 беттешке катышып 45 гол киргизгенге үлгүргөн. Аны менен 8 ирет Германия чемпиондугунун, 7 ирет Германия кубогунун, 1 жолу Чемпиондор Лигасынын, 1 жолу УЕФАнын Суперкубогунун жана клубдар арасындагы Дүйнө чемпиондугунун жана башка мелдештердин жеңүүчүсү болгон.

Швайнштайгердин 2014-жылкы Дүйнө чемпиондугунун финалында кандай ойногону тууралуу жазса эле бир китеп чыкчудай. Лео Месси жана анын командасына дал ушул талаанын ортосунда оюн жүргүзгөн немис футболчусу бир дагы мүмкүнчүлүк бербей койгон эле. Оор басырыктуу, лидерлик сапаттарга ээ, акыр-аягына чейин күрөшкөн Бастиан Швайнштайгер мундиалдан соң гана мыктылардын арасынан ордун тапкан. Германиянын машыктыруучусу Йоахим Лев "Мундиалдагы жеңиштин негизги формуласы – Швайни" деп белгилеген.

2015-жылы Бастиан Швайнштайгер Англиялык "Манчестер Юнайтед" командасына өтүп, 18 оюнга катышкан. "Манчестер Юнайтед" менен Швайнштайгер Англиянын кубогун жеңген.

2017-жылы Бастиан Швайнштайгер карьерасын АКШлык "Чикаго Файр" футболдук клубунда улантып, учурда аталган футболдук клубда жарым коргоочу катары ойноп келет.

Жеке жашоосунда футболчу 2016-жылы 12-июлда сүйүктүүсү сербиялык профессионалдуу теннисчи Ана Иванович менен Венеция шаарында жомоктогудай үлпөт той өткөрүшкөн. Футболчу Ана үчүн Сара Бранднер менен болгон 7 жылдык мамилесин үзгөнгө чейин барып, Ана менен 2016-жылы Венецияда баш кошот. Бирок... Сүйүүнүн артынан эки спортчунун карьерасы экинчи планга калды.
29 жаштагы Ана Иванович ошол эле жылдын соңунда спорттук карьерасын жыйынтыктаганын билдирген. Ал эми Швайнштайгер "Манчестер Юнайтед" командасына кошулгандан бери алмашууга чыккандардын арасында гана ордун таап калган. 34 жаштагы футболчу мындай сыноолордон сынып калган эмес: "Жеке жашоом менин жеке жашоом. "Манчестер Юнайтеддин негизги курамында ойноо үчүн эки эселеп машыгууга даярмын", - деген ал.

2018-жылы 19-мартта түгөйлөр уулдуу болушкан. "Бул дүйнөгө кош келдиң уулум. Биздин жүрөктөрдө болуп жаткан кубанычты жана бакытты сөз менен айтып берүү мүмкүн эмес", - деген билдирүүсүн Ана өзүнүн баракчасына жарыялаган.
Көпчүлүк күйөрмандар Ана Ивановичтин сулуулугун белгилеп, модель эмес, спортчу болгонуна таң калып келишет.

1-августка карата жылнаама.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан