Дүйнөдөгү эң кымбат хан сарай 411 миллион долларга сатыкка коюлду

Grand Marnier ликёрунун негиздөөчүсүнө таандык дүйнөдөгү эң кымбат хан сарай 411 миллион долларга сатыкка коюлду. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.

"Францияда жайгашкан хан сарай 1830-жылы курулуп, 1850-жылы зайтун өстүргөн ишкерге сатылган. Ал эми 1904-жылы Бельгиянын падышасы Леопольддун карамагына өткөн. Үйдө 14 уктоочу бөлмө, банкет залы жана чоң бассейн, жасалма көлмө жана 30 атка ылайыкташкан сарай орун алган. Ошондой эле 15 миңдей өсүмдүк түрү өскөн бак жана тропикалык өсүмдүктөрү бар 20 күнөскана бар. Жыгач менен тосулган китепканада болсо табуу кыйынга турган 3 миңдей китептердин түрлөрү коюлуп, алардын айрымдарынын баасы бир нече жүз миң долларга бааланат", - деп жазылат маалыматта.

188 жылдык тарыхы бар бул хан сарайдын аянты 1672 чарчы метрди түзсө, короосунун аянты 14 гектарга жетет. Хан сарай Франциянын түштүк-чыгыш бөлүгүндөгү Сен-Жан-Кап-Ферра курортунда, деңиз жээгинде жайгашкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
Paprikafm
2018-07-31 09:14:19
Ухууууу ким алат экен аа
0
Nursbaike
2018-07-31 09:18:33
14 гектар дейтго Албек ага
+1
BarsBaatyr
2018-07-31 09:29:09
Nursbaike,Албек агаңа жетпейт экен баары бир ха-ха-хаа
+2
Alinur
2018-07-31 10:10:27
Кыргыздарга мындай уй чондук кылавы дейминго ичинде балан жоголуп кетсе издеп корда!
+1
Nuret94
2018-07-31 14:32:07
Alinur,14 гектарды издеп айланып чыгыш деле бар да
0
talaa11
2018-07-31 11:41:58
Мен алат окшойм кридит алып туруп
0
Cherik.777
2018-07-31 14:29:26
Биздин чондор алып койбойсунарбы...вдруг куугунтукка учурап калсанар
+1
dinar-87
2018-07-31 14:39:32
Жакпады карап корсом озубуздун 2комната уйубуз эле жакшы экен .Ошончо комнаты жыйнап тазалашты айт.:).).(мышык майга жетпей сасык дептир.)
0
farel_007
2018-07-31 15:25:05
Мусулмандын хан сарайы бейиште болсун туболк ин ша Аллах
+1
lenovo820
2018-08-01 03:38:07
farel_007,ами-иин
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан