Ушул жылдын 5-июлунда КРнын Коргоо кеңешинин кезектеги отуруму болот. Бул тууралуу аталган кеңештин басма сөз кызматы 28-июнда маалымдады. Отурумда Куралдуу күчтөр башкармалыгынын түзүмүн реформалоо жана өлкөдөгү стратегиялык мекемелердин тизмеги тууралуу маселелер каралат. Ошондой эле аскердик доктрина долбоору талкууга алынмакчы.