Бишкекте дарбыздан 5 адам ууланды

Бишкектин Дордой-2 жаңы конушунда 5 адам дарбыздан ууланды. Бул тууралуу Оорулардын алдын алуу жана санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин басма сөз кызматы билдирди.
Бир үй-бүлөдөгү 5 адам (алардын үчөөсү жаш балдар) 27-июнда "Дыйкан" базарынан сатылып алынган дарбызды жешкен. Эртең менен баары өздөрүн жаман сезишип, баштары айланып, дене таптары көтөрүлгөн. Алардын баары ооруканага жеткирилип, үй кожоюну дарылануудан соң чыгарылды. Үч баласы менен апасы учурда ооруканада дарыгерлердин көзөмөлүндө. Окуя боюнча тиешелүү иштер жүрүп жатканы кабарланды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан