ЖЫЛНААМА, 31-ИЮЛЬ: "Гарри Поттердин" автору жана китеп жазуудан байыган эң алгачкы миллиардер айым Жоан Роулинг 53 жашка толду

Британиялык жазуучу, сценарист жана продюсер, көпчүлүккө “Гарри Поттер” тууралуу жазылган китептердин автору катары белгилүү болгон Жоан Роулинг 53 жашка толду. Ал 1965-жылы 31-июлда Англияда туулган.Жазуучунун кичинекей кези.Кичинекей кезинен тарта философиялык китептерди көп окуп, өзү да ошол багыттагы аңгемелерди жазууга кызыкчу. Кээде өзүнөн 2 жаш кичүү сиңдисин жанына отургузуп алып, өзү жазган жомокторун окуп берер эле. Окуусун аяктаган соң Манчестерден Лондонду көздөй поезд менен бара жатып, узакка ойго чөмүлгөн. Дал ошол учурда көпчүлүк окурмандардын жүрөгүнөн түнөк тапкан “Гарри Поттер” деген каарман пайда болгон.“Ичине эл толгон поезд менен Лондонду көздөй келе жатканбыз. Бир убакта кандайдыр бир идея жан дүйнөмө тынчтык бербей койду. Мен 6 жашымдан тарта аңгемелерди жазчумун, бирок бир да жолу ушунчалык түйшөлткөн эргүү келген эмес эле. Ал учурда жанымда жуккан калем сап жок болчу, уялчаак болгонумдан элден да сурай алган эмесмин. Айла жок 4 саат бою кара чачтуу, көз айнекчен баланы элестетип, анын укмуштуу окуяларын мээме сактап келгем. Бирок колума калем сап тийген кезде ал ойлорумдун көбүн унутуп койгон элем”, - деген ал өз маегинде.
Романды жазып жаткан учурунда апасы оорудан улам каза тапкан. Бул аны аябай кайгыга салгандыктан, Гарринин ата-энеси каза болгон учурду абдан жеткиликтүү кылып бере алган. Бирок убагында апасына дүйнөгө белгилүү боло турган роман жазып жатканын айтпаганына көпкө чейин кейип жүргөн. 1995-жылы көптөн күткөн “Гарри Поттер жана философиялык таш” романынын колго жазылган варианты аягына чыккан. Бирок кандай гана гезит-журналдарга алып барбасын, колго жазылган романды жарыялоодон баш тартышкан.

Арадан бир жыл өткөн соң англиялык белгилүү “Bloomsbury” басылмасы романды жарыялоого уруксат берген. Мындай чечимге аталган басылманын өкүлүнүн 8 жаштагы кызы Алиса Ньютон себепкер болгон. Анткени кичинекей кыз атасы берген романдын жазма түрүн окуп, анын уландысын таап берүүсүн өтүнгөн. Ошентип жазуучунун романы белгилүү басылмадан жарыкка чыгып, бир канча китепканаларга таратылган.

Тасманын каармандары.Жалпысынан “Гарри Поттер” тууралуу 8 роман жарык көрүп, аларга атайын сценарий менен фильм да тартылган. Андагы жазуучунун башкы талабы тасма Британияда жана ага британиялык актёрлор гана тартылышы керек болгон.2004-жылы “Forbes” журналы Жоан Роулингди китеп жазуудан байыган эң алгачкы миллиардер деп жарыяланган. Ал эми Британиядагы бай адамдардын тизмесинде жазуучу 144-болуп турган.

Учурдагы жолдошу мененАл 1992-жылы Жоржи Арантес аттуу тележурналистке турмушка чыгып, 1993-жылы экөө кыздуу болушкан. Бирок жолдошу ага күн сайын кол көтөрүп, тынчтык бербегендиктен кызы менен жазып жаткан китептерин колуна алып үйдөн чыгып кеткен. Кийин Нил Майкл аттуу жаранга турмушка чыгып, 2003-жылы уулдуу, 2005-жылы кыздуу болушкан.

31-июлга карата жылнаама.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
vikidiki
2018-07-31 23:30:57
Рахмат сизге Гарри Поттер учун!
+4
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан