Ысык-Көлдө скутер көлгө түшүп жүргөн аялды сүзүп алды деген маалымат чыккан. Бул окуя боюнча Ысык-Көл ОИИБинин ыкчам-тергөө тобу барып, окуянын эмне болгонун аныкташкан.
Бул маалыматты Ысык-Көл ОИИБинин милиция кызматкерлери териштиргенде 30-июль күнү саат 15:00 чамасында Таш-Көмүр шаарынан келген 50 жаштагы С.Р. жана 51 жаштагы К.Ж. аттуу эже-сиңди парашют менен учушкан. Мындан улам алар жерге конордо сууга С.Р. аттуу аял туура эмес түшүп, жаракат алган. Ал ошол замат ооруканага жеткирилген. Ооруканадан биринчи жардамды алган соң өзүн жакшы сезип, эс алып жаткан жайына кеткен.
Бул окуя Ысык-Көл ОИИБинде кокустук катары катталган. Ал эми жабырлануучу аял милиция кызматкерлерине арыз жазуудан баш тартканын, эч кимге доосу жок экендигин билдирген. Ал эми скутер аялды сүзүп алды деген маалымат акырында туура эместиги аныкталганын билдирет Ысык-Көл ОИИБи.
Окуя Ысык-Көлдөгү "Мүрөк" пансионатында болгон.