ЖЫЛНААМА, 31-ИЮЛЬ: Кыргыз футболчусу, жакында эле Испания футболдук клубу менен келишим түзгөн Айдана Оторбаева 23 жашка толду

Бүгүн кыргыз футболчусу, жакында эле Испания футболдук клубдарынын бири менен келишим түзгөн Айдана Оторбаева 23 жашка толду.

Айдана Оторбаева 1995-жылы 31-июлда Бишкек шаарында туулуп-өскөн. Ал футболду 5 жашынан бери ойноп баштаган. Кичинекей кезинде кыздарга караганда балдар менен көп ойночу. Эң алгач 2-классында өзү окуган мектептин "Эриал" командасында ойноп баштаган. Мектеп командасында ойноп жүргөн кезинде республикалык мелдешке катышып, андан кийин "Азалия" командасына кабыл алынган.

Бирок ал жакта өзүнөн улуу кыздар ойногондуктан футболго олуттуу карабай, ойноодон баш тарткан. Ошентип 11 жашында кайрадан өзү теңдүү кыздар менен ойноп, футболго болгон кызыгуусу арта баштаган. "Абдыш-Ата" клубунда ойноп, көптөгөн ийгиликтерге жетишкен. Үй-бүлөдө 7 кыз бир туугандардын эң кенжеси. Кыз-келиндер арасындагы кыргыз улуттук курама командасында ойнойт.


Жетишкендиктери – Футбол жана мини-футбол боюнча Кыргыз Республикасынын 3 жолку чемпиону. Кыргыз өлкөсүнүн “Жылдын мыкты футболчу айымы” (2013), Эл аралык “Үмүт” кубогунун “Мыкты футболчу айымы” (2013), “Мыкты чабуулчу” (мини-футбол, 2013), Эл аралык Ысык-Көл оюндарынын “Мыкты футболчу айымы” (2013) наамдарынын ээси.
Алган сыйлыктары
“Абдыш-Ата” футбол клубунун жана Кыргыз улуттук курама командасынын оюнчусу. Ушул жылдын июнь айында ал испаниялык футболдук клубдардын бири "Madrid CFF" клубу менен келишим түзгөн. Бул тууралуу ал SUPER.KG порталына "Алгач клубга таанышым мени сунуштап видеолорумду жөнөткөн. Көп өтпөй клубдан чакыруу алып, команда менен биргеликте бир нече машыгуу өткөргөм. Кийин команда менен биргеликте Бильбаодо өткөн турнирге катыштым. Аталган клуб Испаниянын Жогорку Лигасында ойногондуктан дароо эле келишим түзгөнгө макул болдум" деп билдирген.

31-июлдун жылнаамасы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
futboler
2018-07-31 13:40:57
Молодец, көптөгөн ийгиликтерди жаратып, кыргыздын атын алыска чыгарып жүрө бер
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан