Зимбабведе биринчи жолу 93 жаштагы Роберт Мугабе президенттикке ат салышкан жок

Роберт Мугабе30-июлда Зимбабведе президенттик жана парламенттик шайлоо өттү. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.

Маалыматка ылайык, шайлоонун расмий жыйынтыгы 4-августта жарыяланат.

Бул жолку шайлоодо өлкөнү 30 жыл башкарып келген Роберт Мугабе биринчи жолу талапкерлигин көрсөткөн жок. 93 жаштагы мурунку өлкө башчысы 2017-жылы ноябрда аскердик көтөрүлүштөн кийин отставкага кеткен. Бийлик алмашуудан кийин вице-президент болуп иштеп келген Эммерсон Мнангагва өлкөнү жетектей баштаган.

Учурдагы президенттик шайлоодо Мнангагва менен 40 жаштагы оппозиционер Нельсон Чамиза ат салышууда.

Саясат талдоочулардын айтымында, эки талапкердин да утуп чыгуу мүмкүнчүлүгү бирдей.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан