Францияда мектепте уюлдук телефон колдонууга тыюу салынды

Францияда мектепте уюлдук телефон колдонууга тыюу салынды. Аталган мыйзам долбоорун француз парламенти 30-июлдагы жыйынында кабыл алганын чет элдик басылмалар жазышууда.

Маалыматка караганда, аталган демилгени ишке ашырууну президент Эммануэл Макрон шайлоо алдында убадалаган.

Мыйзамга ылайык, уюлдук телефондорду окууга байланыштуу колдонсо болот. Ошондой эле ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар да пайдалана алат. Француз бийлиги бул мыйзам жаштарды жоопкерчиликтүү жана сабаттуу кылат деген пикирде.

Аталган мыйзам долбоору даярдоочу, башталгыч жана орто билим берүүчү мекемелер үчүн кабыл алынган. Тагыраагы, 3 жаштан 15 жашка чейинкилерге тийиштүү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
monster_high_98
2018-07-31 11:21:02
Жакшы ,кантсе да балдардын келечегин ойлогон!
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан