Чүйдөгү Скрябин мөңгүсүнө чыгып бараткан жарандарга кулаган таштан бир турист каза болду

Аламүдүн районундагы Скрябин мөңгүсүндө кулаган таштан бир турист каза болду. Мындай маалыматты казакстандык басылмалар Тышкы иштер министрлигинин билдирүүсүнө таянуу менен жазууда.

Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы маалымат азырынча такталбай жатканын билдирди.

"Алдын ала айтылган маалыматтар боюнча, кырсыктан 1 адам каза болгон", - деди маалымат катчы.

Маалыматка ылайык, кырсык 30-июлда Скрябин мөңгүсүндө деңиз деңгээлинен 4100 метр бийиктикте болгон.

"Жабыркагандардын үчөө Казакстандын жараны болсо, төртөө Орусиянын жараны болгон. Алдын ала маалымат боюнча бир киши каза болгон. Окуянын чоо-жайын тактап жатабыз. Учурда Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Казакстан Республикасынын Ички иштер министрлиги менен биргеликте жабыркагандарды алып кетүү боюнча маселени карашууда. Бүгүн таңкы саат 6:58де Алматы шаарынан тик учак Бишкек шаарына келип, андан ары Скрябин мөңгүсүнө бет алды", - деп жазылат маалыматта.

Эске салсак, Чүй облусундагы Скрябин мөңгүсүнө чыгып бараткан чет элдик 7 жарандын үстүнө таш кулап жаракат алышканы маалымдалган.

Аламүдүндө мөңгүдөн таш кулап, 1 Казак жараны каза болду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан