Ош облусунун Кара-Кулжа районунда короодогу койлорго эки аюу кол салып, 67 баш койду чайнап өлтүргөн. Бул тууралуу бүгүн, 31-июлда SUPER.KG порталына Кашка-Жол жайыт комитетинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, окуя 22-июлда Кашка-Жол айыл аймагындагы Октябрь айылына караштуу Беш-Терек жайлоосунда болгон.
"Куштарбек аттуу чабандын короосуна 2 аюу кирген. Ал койлорду жеп жаткан аюуларды көрүп, коркуп качып бара жатып, жолдон чалынып, колун сындырып эс-учун жоготкон. Учурда аюуларга чара көрүү боюнча жайыт комитети Кара-Кулжа райондук үч комитетине билдирүү жасады", - деди аталган комитеттен.
Ал эми короодо жалпы 630 баш кой болгон.