Бишкекте үч эм төрөгөн энеге үй жана 500 миң сом акча берилди
21-ноябрда Бишкек мэриясы тарабынан үч эм төрөгөн эне Мунара Сейитбековага жеке менчик үйлүү болгонун тастыктаган сертификат тапшырылды. Айта кетсек, аталган айым ушул жылы үч эм төрөп, кыздарынын атын Алина, Раяна жана Рамина койгон. Сертификатты шаар мэри Иса Өмүркулов тапшырып, ага кошумча президент Алмазбек Атамбаевдин атынан 500 миң сом да берилди.