КҮНСЕРЕП: Бишкекке мэр шайлоо: талапкер чыгарууга оппозициянын эрки жеткен жок

Бүгүн, 31-июль. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз.

Токмокто жеке ишкерди коркутуп акча талап кылып жүргөн 2 адам кармалды. Уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү ишкерден 6 айдан бери акча талап кылып жүрүшкөнү айтылды. Жабырлануучу май айында милицияга арыз менен кайрылган. Окуя боюнча "опузалап акча талап кылуу" беренеси менен кылмыш иши ачылды.

Шектүүлөрдүн кармалышы бир, алардын жазаланышы, жабырлануучуну крим чөйрөнүн кийинки куугунтугунан коргоп алуу башка маселе. Адатта, "каралардын" запкысын тарткан ишкерлер укук коргоо органдарына кайрыла беришпейт. Себеби элде милиция, көзөмөл, сот органдарына ишеним аз. Уюшкан кылмыштуу топтордун тоноочулары ар кандай жеңилдиктерди пайдалануу менен бат эле эркиндикке чыгып, арызданган ишкердин абалын эки эсе кыйындаткан учурлар болуп келе жатат.

Криминалдын бийликке аралашып кеткенин өлкө башчылары, аттуу-баштуу саясатчылар, депутаттар көп ирет айтып, ЖМКларда бул боюнча коңгуроо каккан макалалар, иликтөөлөр жарыяланып келе жатат. Бирок абал өзгөргөн жок. Өлкө жетекчилиги уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүүдө саясий эркин дегеле көрсөтпөй келе жатат. Балким, анын себеби шайлоолорго барып такалар? Саясий күчтөр революцияларда, шайлоолордо криминалдык күчтөрдү пайдаланышары, андан ары сценарийлер кантип өнүгөрү Рыспек Акматбаев өңдүү адамдардын өлүмдөрүнөн улам белгилүү болуп келе жатат. Мындай бийликтин аброюна көлөкө түшүрүүчү окуялардан Атамбаевдик бийлик деле айланып өткөн жок. Анын тушунда айтылуу кылмышкер Азиз Батукаев абактан мөөнөтүнөн мурда бошотулуп, өлкөдөн сый менен узатылып, ал эми АКШдан бери уюшкан кылмыштуу топтун түзүүчүсү катары таанылган Камчы Көлбаев акталды.

Ушул жылы январда Ысык-Көлдө "Осьминог" кафеси өрттөнүп кетип, анын ээси Аскат Асанкадыров "бул криминалдык чөйрөнүн иши деп арызданган. Айтымында, уюшкан кылмыштуу топтун 2 өкүлү андан 500 доллардан салык төлөп турууну талап кылышкан. Ишкер бул "салыкты" төлөөдөн баш тартып, укук коргоо органдарына арыз жазып, шектүүлөр ошол 500 доллар менен колго түшүрүлгөн. Бул иш боюнча 2 адам кармалып, шарттуу соттолгон соӊ эркиндикке чыгышып, жабырлануучунун айтымында, кайра ишкерге телефон чалып, өч аларын билдиришкен. Андан көп өтпөй ишкердин кафеси тыптыйпыл күйүп кетти. Ишкердин ушул арызы Ысык-Көл өрөөнүндөгү криминал менен күрөшүүгө, ал элементтерди биротоло баш көтөргүс кылып жоюуга негиз болчу. Бирок өлкөдө андай болгон жок. Тескерисинче. Ишкер арызданып чыкканы үчүн өкүндү. Мамлекет аны коргоп кала албаганына өкүндү. "Ошол 500 доллардык салыкты дайыма төлөп, ишимди жүргүзө берсем болмок, айтып чыкпай эле койгонум туура болмок", - деп өкүндү.

Бул криминалдан жабыр тарткан жарандардын жүздөгөн, балким, миӊдеген окуяларынын бири гана. Көптөгөн сындардан кийин жакында бул кылмышка шектүү 2 адам кармалганы жарыяланды. Буга чейин да 2 адам колго түшүрүлгөн. ИИМ булардын баары уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү катары каттоодо турган адамдар экенин ырастады.

Баш прокурор Өткүрбек Жамшитов өлкөдө Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунда 422, Азиз Батукаевдин тобунда 49 адам бар дейт. 2017-жылы өлкөдө ар кандай кылмыш иштеринин негизинде уюшкан кылмыштуу топтордун 241 мүчөсү кармалган. Лидерлерин актап, коё берип, мүчөлөрүн кармоо логикага сыйбаган көрүнүш. Кримавторитет Батукаев 2013-жылы түрмөдөн кантип бошотулуп, өлкөдөн кантип узатылганы белгилүү. Камчы Көлбаевди да сот "мүлктү тартып алуу" беренеси боюнча 5 жарым жылга соттоп, ал эми "кылмыштуу топ түзүү", "бийлик өкүлдөрүнө кысым көрсөтүү", "мыйзамсыз баңгизат сактоо" өӊдүү оор беренелер боюнча актап жиберген. Бир берене боюнча белгиленген 5 жыл деле 3 жылга кыскарып кетти. Ошентип 2014-жылдан бери Көлбаев эркиндикте.

Жакында бийлик алмашкан Арменияда криминал менен кантип күрөшүп жатышат? Бул өлкөдө кримчөйрөнүн өкүлдөрүн кармоо Никол Пашинян бийликке келери менен күч алды. 2 айда масштабдуу операцияларда 30дан ашык "авторитет" жана "мыйзамдагы ууру" кармалды. Алардын бири - Армениядагы таасирдүү "авторитет" Артур Асатрян (каймана аты Дон Пипо). Армениялык ЖМКлар жазгандай, кылмыш дүйнөсүндө Дед Хасан каймана аты менен белгилүү Аслан Усояндын небереси Ираклий өлкөдөн качууга аргасыз болду.

Мамлекет бизнеске шарт түзүү үчүн аларды "каралардан" калкалоого тийиш. Бирок коомду кылмышкерлерден тазалоочу мамлекеттик органдар өздөрү кылмыш дүйнөсүнүн өкүлдөрү менен жуурулушуп кеткени бүгүн жашыруун болбой калды. Жаш муун кылмыш дүйнөсүнүн лидерлерин идеал тутуп, аларга окшошкусу келип өсүп жатканы жалпы кыргыздын көйгөйү...

Бишкек шаарына мэр шайлоо уланууда.

Бишкектин мэрлигине талапкер Азиз Суракматов мыйзам талабына ылайык, мамлекеттик тил боюнча сынак тапшырды. Талапкер 2 шартты аткарат. Биринчиси - өз программасын кыргыз тилинде жазып, баяндап берүү. Экинчиси - адабий чыгармадан үзүндү окуу. Суракматов өз оюн кыргызча баяндоодо аксай турганы билинди. Анын 2 барак программасынан бир топ каталар чыкты. Ал эми оозеки баяндоодо "экономдойбуз, үнөмдөйбүз" дегенди "экономика кылабыз" деп айтты. Мэрликке талапкер Чыӊгыз Айтматовдун "Саманчынын жолу" повестинен Майсалбектин катын окуп берди. Комиссия Суракматовду кыргыз тилин билет деп тапты.

Мурдагы мэр Албек Ибраимов кыргыз тилинен сынак тапшырганда 1 барак текстти оркойгон 5 ката менен жазып, анысын "компьютерде жазууга көнүп алыпмын, Т9 деген программа каталарды өзү оӊдоп коёт эмеспи" деп түшүндүргөн. Ошол түшүндүрүүсүнөн кийин ал "Т9" атка конгон. Анын колдоочулары Бишкекке филолог эмес, чарбаны билген менеджер керек деп чыгышкан. Ибраимов сыӊары бүгүн Суракматовду да чарбачыл, Бишкектин көйгөйүн жакшы билет дегендер чыгууда. Ал эми эл Суракматовду курулуш магнаты, Жогорку Кеӊеште депутат кезинде эч бир демилгеси, эч бир элге пайдалуу мыйзамы менен эсте калбаган адам катары билет.

Бүгүн Суракматов Бишкек мэрлигине жалгыз талапкер катары катталды. Бишкек шаардык кеӊешинде "оппозиция" деген аты бар, бирок иш жүзүндө башкаруучу коалициянын ыгына көнүп, өз алдынча демилге көтөрбөгөн "Республика-Ата Журт" фракциясы талапкер чыгарбайбыз деди. Эл депутаттарды "элдин атынан демилге көтөрсүн, талабын ишке ашырсын" деп шайлашат. Эгер коалиция мэрлик кызматка талапкер чыгарууда кайсы бир саясий топтун кызыкчылыгын көздөп жатса, анда оппозиция ага альтернатива катары эл колдогон талапкерди чыгарышы керек эле. Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев деле өз укугунан пайдаланып эл каалап жаткан адамды талапкер катары сунуштай алмак. Бирок премьер андай кылбады. Бишкектиктер мына ушундай иштерден кийин кимдерди депутат кылып шайлоо керектигин, кимдерди шаардык кеңешке дегеле жолотпоо керектигин түшүнүшөр...

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан