Өзгөн районунун Көлдүк айылындагы каналга 4 жаштагы Т.Т. аттуу бала чөгүп кетти. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, кырсык 30-июль күнү түнкү саат 21:47 чамасында болгон.
Кырсык болгон жерге министрликтин куткаруучулары тартылып, издөө иштеринин натыйжасында наристенин жансыз денеси саат 22:50дө табылып, туугандарына өткөрүлүп берилди.