Чүйдө жеңил унаа жол четинде турган патрулдук унааны сүзүп кетти

Чүй облусунда жол четинде токтоп турган патрулдук унааны жеңил унаа сүзүп кетти. Бул тууралуу Чүй облустук Жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө башкармалыгынын маалымат кызматы билдирди.

"Чүй облустук Жол кыймылынын коопсуздугун көзөлмөлдөө башкармалыгынын кызматкерлери ылдамдыкты көзөмөлдөөчү радар менен жол четинде турган учурда Хонда Степвагон үлгүсүндөгү унаа алардын патрулдук унаасын сүзүп алган. Буга Хонданын айдоочусу менен жүргүнчүсүнүн ортосунда пикир келишпестик келип чыгып, рулду талашып кеткени себеп болгон. Алар алгач жол четиндеги тосмону сүзүп, андан соң патрулдук унааны сүзгөн. Хонданын айдоочусу күнөөсүн толук моюнуна алды", - деп айтылат маалыматта.

Кырсыктын кесепетинен жабыркагандар жок.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Snejana
2018-07-31 19:35:53
Мурдагы кунку окуя, суперге эми жеттиби?
+2
Sultawka
2018-07-31 21:19:25
Уктап атышса сузуп кетет да анан
+4
altyn7776
2018-07-31 22:36:12
Жол жээгинде турган машиналардан айып пул алышат да оздору каалаган жерге токтотушат жээктеп... дагы аман калгандарына суйунушсун.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан