Бүгүн, 31-июлда Бишкекте "Тез жардам" кызматынын унаасы менен БМВ жана Мерседес-Бенц үлгүсүндөгү эки жеңил машина сүзүшүп кетти. Кырсык 20 мүнөт мурун Калык Акиев жана Рыскулов көчөлөрүнүн кесилишинде катталды.
"Тез жардам" кызматынан SUPER.KG порталына: "Кырсык болгон жерде жабыркагандар бар же жок экендиги азырынча белгисиз. Айтылган дарекке "Тез жардам" унаасы жөнөп кетти", - деп билдиришти.
Ал эми Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы кырсык боюнча маалыматтар такталып жатканын кабарлады.