Ысык-Көлгө эс алууга баргандардын буюмдарын уурдап жүргөн деген шек менен мурда соттолгондор кармалды

Ысык-Көлгө эс алууга барган адамдардын буюмдарын уурдап жүргөн деген шек менен эки жаран кармалды. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, 20-июлда Ысык-Көл РИИБине Бишкек шаарынын 52 жаштагы тургуну арыз менен кайрылган. Жабырлануучу жазган арызында белгисиз адамдар "Алтын Кум" эс алуу жайына кирип, ал уктап жаткан бөлмөдөн "Samsung Galaxy S7", "Samsung Galaxy Note 4" үлгүсүндөгү уюлдук телефондорун жана ноутбугун уурдап кеткендигин билдирген. Жалпы материалдык чыгым 90 миң 500 сомду түзгөн.

Аталган факты боюнча Ысык-Көл РИИБи тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 164-беренеси (уурдоо) менен кылмыш иши козголгон. Бул боюнча көрүлгөн иш-аракеттердин натыйжасында шектүү катары Балыкчы шаарынын 35 жаштагы Ж.К. жана 22 жаштагы Ж.А. аттуу тургундары кармалып, кылмыштарын толугу менен моюндарына алышкан. Кармалган адамдар убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө амалдары жүрүүдө. Маалыматта алар мурда да ушундай эле кылмыш кылгандыгы үчүн соттолгону айтылды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан