Британиялык "Сable" сайты кайсы өлкөдө интернеттин ылдамдыгы тез экенин аныктады. Мындай маалыматты чет элдик басылмалар жазып чыкты.
Белгилүү болгондой, 200 мамлекеттин ичинен тез ылдамдыктагы интернетти Сингапур Республикасынын тургундары колдонору аныкталган. Алдыңкы ондуктан Швеция, Дания, Норвегия, Румыния, Бельгия, Люксембург, Венгрия жана башка мамлекеттер орун алган. Ал эми Кыргыз өлкөсү 166-сапта жайгашкан.
Интернеттин ылдамдыгы жай болгон мамлекеттердин катарына Мавритания, Гвинея, Сомали, Түркмөнстан, Йемен кирген. Бул маалыматты адистер 12 ай аралыгында топтогон. Алар көлөмү 5 гигабайт болгон фильмди интернеттен көчүрүүгө канча убакыт сарпталганына карап интернеттин ылдамдыгын аныкташкан. Ошондой эле адистердин айтымында, интернетке туташкандардын саны бир жыл ичинде 23 пайызга жогорулаганын кошумчалаган.