Көчөдө калган ойлоп табуучу кайыр сурагандын ордуна өзүнүн резюмесин тараткан. Эми аны дүйнөнүн алдыңкы компаниялары ишке чакырууда

Көчөдө калган ойлоп табуучу кайыр сурагандын ордуна өзүнүн резюмесин тараткан. Эми аны дүйнөнүн алдыңкы компаниялары ишке чакырууда. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, 2017-жылы техастык Дэвид Касарес Остинден Кремний өрөөнүнө өзүнүн ишин баштоо үчүн келген. Касарес колледжди аяктап "General Motors" компаниясында эмгектенген. Ал 3 жыл ичинде сапат текшерүүчү адисинен баштап веб-иштеп чыгуучуга чейин көтөрүлгөн.
Кремний өрөөнүнө көчүп келген соң ал көп убакыт бою жумуш таба алган эмес. Мындан улам анын топтоп келген каражаты түгөнүп, өзүнүн унаасында жашап калган. Көп өтпөй ал унаасын дагы карыздары үчүн банк алып койгон. 2018-жылдын июнь айында ал көчөдө, сейил бактарда жашап калган.
Көчөдө калган мезгилинен тартып ал "Мен көчөдө калдым, ийгиликке жеткенге чейин ачкамын. Резюме алыңыздар" деген жазуусу бар плакатты колуна көтөрүп ары-бери өткөндөргө өзүнүн резюмесин таратып турган. Касарести Твиттердин jaysc0 аттуу колдонуучусу байкап, анын сүрөтүн жана резюмесин өзүнүн баракчасына жүктөп койгон.
"Мен бүгүн үй-жайы жок калган адамды көрдүм. Ал акча сурагандын ордуна өзүнүн резюмесин таратып жатыптыр. Эгерде кимдир-бирөө ага жардам бере алса, аябай жакшы болот. Келгиле, Дэвидге жардам берүү үчүн маалыматты бөлүшөбүз", - деп жазган.
Бул маалыматты технологиялык компаниялардын, мектептердин жетекчилери байкап калышкан.
"Биз бул адамга кам көрөбүз. Аны өзүнө жакын болгон жумушка орноштуруп, үй менен камсыз кылабыз" деген билдирүүлөрүн калтырышкан.
Ошондой эле "AncestryDNA" компаниясынын вице-президенти Дэвид менен сүйлөшүп көрүп, аны веб-ойлоп табуучу катары жумушка алгысы келип жатканын билдирип аны менен байланышууну суранган.
Мындан сырткары Дэвидге 200дөн ашуун компаниядан сунуш келип түшкөн, алардын ичинде "Google", "Netflix", "LinkedIn" жана "Pandora" дагы бар.
"Колдооңуздар үчүн бардыгыңыздарга ыраазычылык билдирем. Менин тагдырыма көптөгөн адамдар кызыгып, кайдыгер карабагандыгы мени абдан сүйүндүрдү. Мен кайсы бир учурда меникиндей абалга туш болгон жана ошондой абалда жашап жаткан көптөгөн адамдардын окуясын уктум. Сиздерге дем берип, алдыга умтулууга жардам берип жаткандыгыма кубанам", - деп билдирген Касарес.
Кремний өрөөнү (Кремниевая долина) - Калифорния штатынын Сан-Франциско шаарынын түштүк-батыш тарабында жогорку технологиялык компаниялар жыш жайгашкан аймак. Аталган компаниялар компьютерлерди, уюлдук телефондорду, биотехнологияларды өндүрүп, ар кандай программалык камсыздоолорду иштеп чыгарышат.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Ayida
2018-07-31 15:47:30
Аллах бериптир!Сабыр кылганы учун! Копчулук сабыр кылбай арака берилип кетет же кайыр сурап баштайт
+11
Suzak12
2018-07-31 20:28:59
Кремний десе Таш Комур шаары эсиме тушот,ошол жерде кремний чыгарган завод бар супер инфо ошол туралуу маалымат алып койсонуздар деп суранат элем Бакиевдин убагында пробага кылып чыгарып коргондо эн жакшы чыккан иштейт иштейт деп кийин калып кетти.Эгер иштеп калса кыргызстандын элине чоон бир салым кошот беле деген ой.
+2
admin_media
2018-08-01 09:12:03
Suzak12,саламатсызбы! Сунушуңуз тиешелүү бөлүмгө жеткирилди.
0
Sharipa-asia
2018-08-01 02:05:46
Бомж болсо да башын иштетиптир,мына эми ал киши миллионер да
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан