ЭЛДИК КАБАР: "Күйөөм Орусияда иштегендиги үчүн балдарыма жөлөк пул берилбей жатат" дейт окурман

"Жолдошум Орусияда иштегендиги үчүн 3 балама жөлөк пул берилбей жатат", - деп окурман "Элдик кабарга" өзүнүн билдирүүсүндө жазган. Анын айтымында, балдарына 1 жылга жакын убакыт жөлөк пул алып жүрүп, кийин жөлөк пул берүү токтоп калган.

"Мен Оштун Жапалак айылында жашайм. Мурда да жөлөк пул чыгартуу үчүн акча бергем. Кийин токтоп калгандыгынан документ даярдап барсам, "Күйөөң Орусияда иштейт экен, сага бергенге болбойт" дешти. Эгер жетиштүү турмушта жашасак, күйөөм Орусияга кетмек эмес, ансыз да саламаттыгы начар. Акча берип чыгартууга акчам жок, негизи бул каражат аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө берилет да, а бизде, тескерисинче, акчалуулар пара берип коюп алабы? Күйөөмдүн Орусияда иштегендиги үчүн жөлөк пул берилбей калгандыгы туурабы?" - деген ал билдирүүсүндө.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
almanbetperm
2018-07-31 18:14:07
Холодильнигин болсо бербейт. Пособие алыш учун охооо
+5
Snejana
2018-07-31 20:16:36
almanbetperm,ха ха. Машинан болсо, вообще бербейт.
+4
Azkoni
2018-07-31 18:24:19
Мен да майда тапшырдым эле,он кун болду отпой калыптыр деген жооп келди.5 балам бар.жолдошум айлыкка иштебейт.2000 ставкасы бар экен.ошону бербегеним учун отподу да.Болбосо баардык документти озум бутургом.убара болуп эки районго бир чуркап атып.3000 сом кетирип.Карапайым элге жардам деле жок бейм.Короосу толо малы бар,чон машине кичине машинеси бар адамдар алып атканын да билем.
+5
Snejana
2018-07-31 20:21:21
Azkoni, арыз жазгыла да, факт менен. Эмне кылаар экен. Четинен камап эле атышат, сабак алмак тургай кучошту го.
+5
shankol88
2018-07-31 18:44:22
Алып үйрөнүп калгандаа ала беришет качан оңолот билбейм бербесең чыкпайт...
+3
kokboru
2018-07-31 19:48:52
Кыргызстан оңолбойт.Соке жарытпайт.Бул өзүн эле ойлоп жатат.
-1
Azkoni
2018-07-31 20:33:19
Жалгыз арыз жазсам карабайт деле.мага окшогондорго айтсам уят дешет,бирисинин аяш энеси,биринин болосу,бирисинин тагасынын аялы,да бир министрдин женеси имиш.арыздансан деле пайдасы жок.канчасы даярданып кетире албай
коюшту дешти.
+6
almanbetperm
2018-08-01 00:27:37
Тууган туушканы жок жетимдерден чиновник даярдайт окшойбуз
+6
Kroxa
2018-08-01 11:39:04
Соц фонддо уятсыздар иштешет пенсияны олгон адамдын документин откорбой алып аткандар да озулору.. Оорусу жок эле чулдур киши бар оло бай жинди деген спаравка жасап айына пенсия чектетип алыптыр деп укканда тан калгам.. Соц фон до акча берсен 5же 10мин соону жинди байды кедей жумушу барды жумушсуз колу барбы мунжу деп пенсия чыгарып берет ушул жагын бир текшеруу кылган адам жок..
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан