Бишкекте Ленин райондук сотунун имаратында жоокер өзүн-өзү атып алды

Бишкек шаарындагы Ленин райондук сотунун имаратында Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын алдындагы Кайтаруу жана күзөтүү департаментинин жоокери өзүн-өзү атып алды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына ЖАМКнын басма сөз кызматы билдирди.

"Бүгүн, 31-июлда болжол менен саат 15:40 чамасында 19 жаштагы Ж.И. аттуу Кайтаруу жана күзөтүү департаментинин жоокери кызмат учурунда күзөттө турган жеринен өзүн-өзү атып алды. Ал дааратканага кирип, Макаров үлгүсүндөгү тапанча менен өзүн башына аткан. Жоокер алган жаракатынан ошол жерде каза болду. Учурда атайын иликтөөчү топ жана Аскердик прокуратура тарабынан бул окуя териштирилүүдө", - деди басма сөз катчы.

Каза болгон жоокер 2018-жылы Биринчи Май райондук аскер комиссариаты тарабынан кызмат өтөөгө чакырылган.

Буга чейин Молдовановка айылында жайгашкан №1-түзөтүү абагын кайтарган 21 жаштагы жоокер өзүн-өзү атып алган. Ага Чүй облустук ооруканасынан операция жасалып эсине келген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
kutman-kg94
2018-07-31 20:23:47
Канвойдо служба кылгандарга берилет мен деле которгом
+1
deva
2018-08-01 09:01:28
Жашоого тойгон го
0
arena2014
2018-08-01 09:10:08
Акыйкатсыздыка чыдамы жетпей калган окшойт. Бейишке кирсин!
+2
Kroxa
2018-08-01 11:23:19
Оз жанын кыйгандар бейишке кирбейт. Дешет.. Бирок жеткизип ийсе керек азыркы эркектер кыздай назик, таарынчаак келишет.. Илгери 15 союузга 2 жылда служба отоп келишчу эле олгондор аз болчу азыр ар бир часта олгон жоокерлер коп..
+1
Kroxa
2018-08-01 11:24:33
Балким озу озу атты кылып койушту.. Жай жаннатта болсун айла жок омуру кыска тура..
0
Shaa-82
2018-08-01 11:45:46
Озун озу кантип эле атып алсын.
0
Kyrgyz_eli
2018-08-01 12:16:10
Буларды атып салышты.
-2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан