Ысык-Көл. Митинг өткөргөнү Ысык-Көл районунун тургундары облустук администрацияны көздөй келе жатышат

Ысык-Көл районунун тургундары жаңы дайындалган облус башчысы Эмил Каптагаевди колдоо иретинде тынчтык митингин өткөрүү үчүн Каракол шаарына келе жатышат. Бул тууралуу Чоң-Сары-Ой айылдык кеңешинин депутаты Нурланбек Усупов кабарлады. Анын айтымында, Ысык-Көл районунун бардык айылдарынан активисттер чогулуп, 10 айылдык кеңештин депутаттары жана аксакалдар, бардыгы болуп жүзгө жакын адам облустук администрацияга келе жатышат. Усупов өз сөзүндө “Биздин талап - жайкы туристтик сезонду сактап калуу. Эмил Каптагаевди кызматтан алууну талап кылган митингчилер менен жолугуп, маселени тынчтык жолу менен чечүүгө аракет кылабыз",- деп белгиледи. Эске сала кетсек, кечээ, 27-июнда обладминистрациянын алдында өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгүнө башка адамды дайындоо талабы менен Жети-Өгүз районунун тургундары митинг өткөргөн болчу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан