Индиянын "Келин" аттуу сериалында Жагдиштин кичинекей кезин ойногон индиялык актёр Авинаш Мукержи 21 жашка толду. Актёр 1997-жылы салттуу бенгал үй-бүлөсүндө жарык дүйнөгө келген. Атасы Дев Мукержи телеканалдарда иштеп, бир топ сериалдарга да тартылган.
Авинаш Мукержи кичинесинен актёр болгусу келген. Кийин Мумбай шаарына көчүп келишкенде, мектептен билим алып, жарнамалык роликтерге да тартылууга мүмкүнчүлүк алган. Авинаш дебюттук тасмасында Фархан аттуу мусулман баланын ролун жараткан жана актёр үчүн бул ролду аткаруу кыйынга турган. Себеби актёр бул сериалда башка тилде сүйлөшү керек болгон.Ал эми "Келин" сериалындагы Жагдиштин ролуна 12 баланын арасынан тандап алынган. Бул сериалдан соң Авинаш Индияда "сымбаттуу актёр" атка конуп, "Жаңы жылдыз" сыйлыгына ээ болгон. Андан кийин актёр "Sanskar Dharohar Apno Ki" аттуу сериалда роль жараткан.
1-августтун жылнаамасы.