Курсагында кошумча колдору бар филиппиндик кызга операция жасалат. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, Илигана шаарынын 14 жаштагы тургуну Вероника Комингес төрөлгөндөн бери курсагында кошумча 2 кол менен төрөлгөн. Ал эки кол Верониканын өспөй калган эгизине таандык экенин дарыгерлер айтышкан. Кыз чоңойгон сайын курсагындагы колдор да чоңоюп баштаган.
"Мен кичинекей кезде курсагымдагы колдор мага ыңгайсыздык деле жаратчу эмес. Бирок мен чоңойгон сайын колдор да чоңоюп, мага кыймылдаганга тоскоол боло баштады. Убакыттын өтүшү менен ал колдор менен жашаганга үйрөндүм. Мезгил-мезгили менен ал колдогу тырмактарды дагы алып турам", - деп билдирген Вероника.
Жергиликтүү дарыгерлер Верониканын ден соолугуна зыян келтирип албайлы деп ага операция жасоодон баш тартышкан. Жакында эле мындай операцияны жасоого даяр экенин таиланддык дарыгерлер билдиришкен. Азыркы тапта Верониканы дарыгерлер көп убакытка созула турган оор операцияга даярдашууда.