Кант шаарында "Достор, баңгизаттан алыс бололу!" аттуу акция өтөт
28-июнда Кант шаарында "Достор, баңгизаттан алыс бололу!" аттуу акция өтөт. Бул тууралуу Баңгизаттарды көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик кызматынын басма сөз кызматы билдирет.
Иш-чарада
концерттик программа,
ар түрдүү оюн-зооктор, бийлер, спортчулардын парашюттан
секирүүлөрү, атайын "Пантера" аскердик бөлүгүнүн аскердик трюктары,
жана КВН командаларынын күлкү кечелери орун алат.