Бишкек шаарындагы Байтик баатыр көчөсүнүн Сүйөркулов көчөсү менен Ахунбаев көчөсүнө чейинки бөлүгүндө жол жээгинде лотоктор жок. Бул тууралуу окурман "Элдик кабарга" билдирип, сүрөттөрү менен бөлүштү.
Анын айтымында, жолдун бул бөлүгү оңдоп-түзөөдөн өтүп бүткөнүнө бир жылдай убакыт болду.
"Бирок ошондон бери лотоктор коюлбай жатат, ичи таштандыга толуп, арыктарды суу жеп кетти. План боюнча лотоктор коюлуусу керек экендиги көрүнүп турат, буга чейин бир жолу коюлуп кайра алып коюшкан. Мэрия көчөнүн бул бөлүгүн унутуп койгон эмеспи?" - деп суроо салган окурман.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.