Бишкек-Ош жолундагы унаа кырсыгынан бир адам каза болуп, 3 адам жаракат алды

Бишкек-Ош жолунда Toyota RAV 4 үлгүсүндөгү жеңил машина кырсыкка кабылып, бир адам каза болду. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашкандай, кырсык 31-июль күнү саат 18:20 чамасында Бишкек-Ош унаа жолунун Сары-Булак тилкесинде катталган. Жол кырсыгынын кесепетинен дагы үч адам жеңил жаракат алган.

ӨКМнын №94-өрт-куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары айтылган дарекке барып, каза болгон жарандын жансыз денесин унаадан чыгарып, Ички иштер министрлигинин кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан