Орусияда сууга чөгүп бараткан кызды куткарам деп каза болгон 17 жаштагы кыргыз жигиттин сөөгү мекенине жиберилди

Бүгүн, 1-августта Орусия убактысы менен саат 11:55те Сахалин облусундагы Русское көлүнө чөгүп кеткен 17 жаштагы Кыргыз жаранынын сөөгү мекенине жиберилди. Бул тууралуу Кыргыз өлкөсүнүн Орусиядагы элчилигинин басма сөз кызматы маалымдады.

"Сахалин облусундагы Русское көлүнө чөгүп каза болгон 17 жаштагы К.уулу.Жнын сөөгү мекенине жиберилди. Анын сөөгүн туулуп өскөн айылына жеткирүү үчүн Кыргыз диаспорасы жана Кыргыз Республикасынын Орусиядагы элчилиги тарабынан тийиштүү документтерге кол коюлган жана жетиштүү каражат топтолгон. Учурда сууга чөккөн жигиттин окуясы боюнча Орусия Федерациясынын тергөө комитети жана Сахалин облусундагы тергөө органдары тарабынан териштирүү иштери жүргүзүлүп жатат", - дейт маалымат кызматы.

Белгилей кетсек, 29-июль күнү Сахалин облусунда жайгашкан Русское деп аталган көлгө Кыргыз жараны көлгө чөгүп бараткан кызды куткарууга аракет кылып жатып өзү чөгүп кетип каза болгон.

Сахалинде сууга чөккөн кызды куткарам деп каза тапкан кыргыз жигиттин сөөгү мекенге жиберилди
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
mir85
2018-08-01 15:21:12
Жаппжаш бала экен. Өкүнүчтүү! Байкуш ата эне! Чөгүп бараткан адамды куткаруу аябай кыйын,анын жолдорун билиш керек. Артынан келип чачынан тартып чыгыш керек жб дегендей. Болбосо чөгүп бараткан үстүнөн басып тумчуктуруп таштайт. Айланайын бир туугандарым! Өзүнө ишенбегендер ата энеңерди кан жуткуруп герой болбой эле койгулачы!
+13
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан