Акылбек Осмоналиев өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлү болуп дайындалары белгилүү болду (өмүр баяны)

Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп Акылбек Осмоналиев дайындалат. Бул тууралуу SUPER.KG порталына 1-августта өкмөттүк аппараттан өздүк булактар билдиришти. Маалым болгондой, Осмоналиевдин аталган кызматка дайындалышы боюнча буйрук өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиевдин кол коюусу алдында турат.

Ысык-Көл облусун буга чейин жетектеп келген Узарбек Жылкыбаев 25-июлда өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалган.

Акылбек Осмоналиевдин өмүр баяны

Осмоналиев 1964-жылы 10-августта Ош облусуна караштуу Ноокат районунда төрөлгөн. 1988-жылы Скрябин атындагы Кыргыз айыл чарба институтунун зоотехник адистигин бүтүргөн. 1997-жылы Кыргыз мамлекеттик улуттук университетинин юриспруденция адистигин бүтүргөн.

Эмгек жолу:

1981-1983-жылдары - Ош облусунун Ноокат районундагы №44-жылкы заводунда катардагы жумушчу;

1988-1989-жылдары - №44-жылкы заводунда зоотехник;

1989-1992-жылдары - Ноокат агро өнөр жай бирикмесинде башкы адис;

1992-1994-жылдары - Ноокат райондук мамлекеттик администрациясынын аппаратынын референти;

1994-1995-жылдары - Ноокаттагы №44-жылкы заводунун директорунун орун басары;

1995-1996-жылдары - "Алике" дыйкан чарбасынын жетекчиси;

1996-жылдын августунан тартып Жогорку Кеңештин Эл өкүлдөр жыйынынын аппаратынын Агрардык маселелер боюнча комитетинин 1-категориядагы адиси;

1997-жылдын май айынан тартып Жогорку Кеңештин Эл өкүлдөр жыйынынын аппаратынын Агрардык маселелер боюнча комитетинин референти;

1999-жылдын январынан декабрына чейин Жогорку Кеңештин Эл өкүлдөр жыйынынын аппаратынын Агрардык маселелер боюнча комитетинин эксперти;

1999-жылдан 2000-жылдын апрелине чейин Айыл жана суу чарба министрлигинин Мал чарбасынын продукцияларын өндүрүүнү өркүндөтүү жана маркетинг департаментинин башчысы;

2000-жылдын апрелинен тартып Жогорку Кеңештин Эл өкүлдөр жыйынынын төрагасынын орун басарынын жардамчысы;

2004-жылдын майынан 2005-жылдын апрелине чейин өкмөттүн аппаратынын Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат башкармалыгынын уюштуруу иштери боюнча инспектору;

2005-жылдын апрелинен 2006-жылдын июнуна чейин Жогорку Кеңешинин Агрардык өнөр жай комплекси жана экология боюнча комитетинин, Жер пайдалануу боюнча комиссиянын ишмердигин камсыз кылуу боюнча бөлүмдүн башчысынын орун басары;

2006-жылдын июнунан 2009-жылдын январына чейин президенттин администрациясынын экономикалык жана социалдык саясат секторунун эксперти;

2009-жылдын январынан тартып Улуттук статистика комитетинин төрагасынын орун басары;

2012-жылдын февраль айынан 2016-жылдын апрелинге чейин Улуттук статистика комитетинин төрагасы;

2016-жылдын апрель айынан 2017-жылдын 31-декабрына чейин өкмөттүн аппарат жетекчиси;

2017-жылдын 31-декабрында президенттин жана өкмөттүн иш башкаруучусунун биринчи орун басары болуп дайындалган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан