Коррупциялык иштерден өндүрүлгөн каражаттар үчүн ачылган эсепке 200 миллион сомдон ашык каражат түштү

2018-жылдын 3-июлунан 31-июлуна чейин коррупциялык иштерден өндүрүлгөн каражаттар үчүн ачылган атайын эсепке 234 миллион сомдон ашык каражат түштү. Бул тууралуу Каржы министрлиги тараткан маалыматта айтылат.

Маалыматка караганда, экономикалык жана кызматтык кылмыштар жөнүндөгү кылмыш иштери боюнча мамлекетке келтирилген зыяндын ордун толтуруудан түшкөн акча каражаттарын эсепке алуу жана топтоштуруу үчүн бирдиктүү депозиттик эсеп ачылгандан бери, башкача айтканда, 2018-жылдын 3-июлунан 31-июлуна чейин аталган эсепке жалпысынан 234 млн 834 миң 377 сом түшкөн.

Бул сумманын 63 миллиондон ашыгын Экономикалык кылмыштар менен күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы төккөн. 111 миллион 611 миң 621 сомду Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети, 59 миллион 326 миң 897 сом каражатты Башкы прокуратура төккөн. Ал эми 533 миң 100 сом Ички иштер министрлиги тарабынан которулган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
tular
2018-08-01 23:30:41
ГСБЭПти жаап эле салыш керек. Пайда жок ошол органдан...
+2
nurbek11
2018-08-01 23:34:17
ИИМ уят эле. Ошол аечаны токкончо аны деле взятка кылып алып койбопсунарда.
+2
Mehazahn57
2018-08-02 00:02:27
Ал акчаны карапайым Эл корбогондон кийин, айта бересинер да мынча акча тогулду деп.Тушту эле дейсинер экономиканын осуш темпи жай, жок десе да болот.
-3
Snejana
2018-08-02 00:06:59
Mehazahn57,ошону айтсанар. Жок дегенде карыздан кутулуп атабыз дешпейт э.
0
KAYRATBEK
2018-08-02 00:55:34
Ай ай пендедер. Мынча кор пенде болбосок. Качан рахмат айтканды уйронобуз. 6жыл 200милион эмес 20милион тушконун укпай эле кысчуу жерибизди кысып эле жашадыкко. 200милион жарым жылга жетпеген убакытта топтолуп атат. Дагы баары алдыда жакшы ниет кылып жашап турсак дагы кобойотко. Качан шугурчулук кылганды уйронобуз
+8
Aigerim.95
2018-08-02 04:44:20
Эми ушул темп менен кетип, чиновниктердин жеген акчаларын кустурсун.
+3
Rifle_I
2018-08-02 08:50:53
Финляндиядан же Япониядан адистерди чакырып, кайсы системада канча акча мамлекетке түшүш керек. Каерден акча көп уурдалат, каерден кандай акчалар белгисиз жоголот экенин билип алып, тез арада байып кетсек болот.
Болгону ошол билинбей табылган акчалар чөнтөккө кетип жатат.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан