Депутат Алмазбек Баатырбеков Астанада өткөн спорттук мелдеште жеңишке жеткен жаш спортчуларды кабыл алды

ЖКнын депутаты Алмазбек Баатырбеков Казакстандын Астана шаарында өткөн спорттун шинкиокушинкай (каратэ түрү) боюнча мелдеште жеңишке жеткен кыргызстандык жаш спортчуларды кабыл алды. Кыргызстандан барган 14 спортчунун ичинен 3өө алтын медаль, 3өө коло медалга татыктуу болуп, Кыргызстандын туусун желбиретишкен. Бул мелдешке жалпы 500дөн ашуун спортчу катышкан. КРнын Шинкиокушинкай федерациясынын президенти Алмазбек Баатырбеков жаш спортчуларды жеңиштери менен куттуктап, Ата Мекендин туусун мындан ары дагы чет жерлерде бийик көтөрүп жүрө беришин каалады. “Кыргызстанды башка өлкөлөргө таанытууда спортчулардын эмгеги чоң”,- деген эл өкүлү өкмөт спорт жаатына жетиштүү көңүл бурушу керектигин белгиледи. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан