Кытайдын Цзянси провинциясынын бийлиги жер тартыштыгын жоюу максатында маркумду көмүүгө тыюу салды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.
Маалыматка ылайык, аталган мыйзам ушул жылдын сентябрь айынан тарта толук иштей баштайт. "Бул мыйзам "маркумду өрттөө" саясатынын негизинде ишке ашырылууда. Анын максаты - жерди үнөмдөө. Аталган провинцияда табытты сактоого, жасоого тыюу салынды", - деп жазылат маалыматта.
Айта кетсек, Цзянси провинциясынын аймагы 171 миң чарчы чакырымды түзүп, 46 миллион адам жашайт.