Индияда катуу жаандан кийин пайда болгон суу ташкыны 106 адамдын өмүрүн алды. Чет элдик басылмалар жазгандай, табигый кырсык Уттар-Прадеш штатында болгон.
Маалыматка ылайык, каза болгондордон сырткары 600 турак жай жабыркап, 100дөн ашуун адам ар кандай жаракаттарды алып ооруканага жаткырылган. Ошондой эле катуу шамалдан бак-дарак сынып, үйлөрдүн чатырлары учкан. Учурда кырсык болгон аймакта куткаруу иштери жүргүзүлүп жатат. Ошондой эле каза болгондордун жакындарына жана жабыкагандарга мамлекет тарабынан акчалай, медициналык жардамдар көрсөтүлө турганы айтылган.