Орусияда корей кызын куткарам деп өзү сууга чөгүп каза болгон 17 жаштагы кыргыз жигиттин сөөгү жерге берилди

Орусияда 29-июлда сууга чөгүп каза болгон 17 жаштагы Жандарбек Кубанычбек уулунун сөөгү бүгүн, 2-августта өзү туулуп өскөн Кара-Кулжа районунун Октябрь айылында жерге берилди. Бул тууралуу SUPER.KG'ге өзүн Жаныш деп тааныштырган агасы кабарлады. Анын айтымында, баланын каза болгонун ата-энесине 1-август күнү түштөн кийин гана угузулуп, бүгүн жаназасы окулду.

"Баланын сөөгү айылга кечээ түштөн кийин алынып келди. Табытты ачпай туруп эле ошол бойдон боз үйгө киргизип, ата-энесине угуздук. Ата-энеси жайлоодо болчу, кечинде келишкен. Бүгүн жаназасын окуп, маркумду жерге бердик", - деди агасы.

Белгилей кетсек, Жандарбек Кубанычбек уулу 29-июль күнү Орусиянын Сахалин облусунда жайгашкан Русское деп аталган көлгө чөгүп каза болгон. Сахалиндеги кыргыздардын "Биримдик" диаспорасынын маалыматына караганда, бала көлгө чөгүп бараткан корей улутундагы кызды куткарууга аракет кылып жатып чөгүп кеткен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
madina.87
2018-08-02 14:33:16
Эх кудай баласын кандай үмүт менен бакты эле,бир заматта табытты кучактап калышты,эчкимге мындай азап салбасын башына.Жигиттин жаткан жери жайлуу болсун.
+22
demo009
2018-08-02 14:53:35
Жаман иш болуптур,жаткан жери жайлуу болсун
+7
bond02
2018-08-02 15:45:45
Ал кореянка каякта журот экен?
+10
raykray
2018-08-03 01:13:05
Куткарып анан озу олгонбу же куткарам деп ага кошулуп экоо олдубу? Баланын жаткан жери жайлуу болсун
0
Dj_NEWANS
2018-08-03 12:57:27
raykray,кызды куткарып озу сууга чогуп кетиптир.
0
taalay25
2018-08-03 14:31:09
Биздин балдар ушундай патриот. Тилекке каршы ал эрдиги бааланбайт. Ойлоп кетем УАМ согушта да Азиядан баатырлар коп чыкса керек. Ушундай коро албаган Кызыл командирлер менен ацынан баатырлык берилбей калса керек. Самат Садыковго деле Советтер Союзунун Баатырдыгын бергенде Ошское область дегенин Омское область деп жазып салган экен. Аны 1953-жылы далилдеп кайра ондотушкан
+2
erkeleim
2018-08-04 06:41:12
Ошондуктан сузгонду билбегендер сууга тушпойле койгулачы. Бир омурду кыйып кетти ошол кыз!!!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан