Дүйнөлүк жылдыз, америкалык поп-ырчы Майкл Жексон тери оорусунан улам операция жасаткан. Бул тууралуу улуу британиялык журналист, режиссёр Шэрон Карпентер айтып чыкты.
Карпентер буга чейин Майкл Жексон тууралуу документалдуу фильм тартып иштеп келген.
Анын айтымында, дүйнөлүк жылдыздын терисине так түшүп, витилиго оорусуна кабылган.
"Майкл Жексондун бетине да так түшкөн эле. Ал ар дайым бул илдетин коомчулукка, журналисттерге айтуудан коркуп келген. Каза болгондон кийин гана витилиго менен ооруй тургандыгы далилденди. Ал сахнада жүргөн адам болгону үчүн бул көйгөйдөн арылууну каалаган. Ошондуктан терисин алмаштырды", - деп айткан Карпентер.
Эске салсак, Майкл Жексон 2009-жылы 50 жашында көз жумган. Анын өлүмүнө дары-дармектерди чектен ашыкча пайдалануу себеп болгон.