Жарандык активисттер Бишкек мэрин шайлоону токтото турууну талап кылып, атаандашсыз өтүшүнө каршы чыгышууда. SUPER.KG порталы "Сиз бул демилгени колдойсузбу?" деген соболуна Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Асылбек Кадралиев жооп берди.
Ал бардыгы мыйзам чегинде болуусу шарт деген пикирде.
"Мэрди шайлоону токтотуп туруу боюнча жарандык активисттердин демилгесин колдобойм. Бардык нерсе мыйзамдын негизинде болуусу зарыл. Мыйзамга каршы чыккан туура эмес", - деди Кадралиев.
Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Равшан Жээнеков, Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматов, укук коргоочу Токтайым Үмөталиева, Бишкектин мурунку мэри Нариман Түлеев, саясат таануучу Эмил Жураев, Жалал-Абад шаарынын экс-мэри Максат Жээнбековдун пикири төмөнкү шилтемеде.