КҮНСОБОЛ: Жарандык активисттер Бишкек мэрин шайлоону токтото турууну талап кылып, атаандашсыз өтүшүнө каршы чыгышууда. Сиз бул демилгени колдойсузбу?

Тектеш кабарлар: КҮНСОБОЛ (404 материал)

Азиз Суракматов Бишкек шаарынын мэрлик кызматына жалгыз талапкер болуп аттанууда. Жарандык активисттер Бишкек мэрин шайлоону токтото турууну талап кылып, атаандашсыз өтүшүнө каршы чыгышууда. SUPER.KG порталы "Сиз бул демилгени колдойсузбу?" деген собол салды.

ЖЭЭНБЕКОВ: "Мэр атаандаштык менен ачык-айкын шайланышы зарыл"

Жогорку Кеңештин мурунку депутаты Равшан Жээнбековдун айтымында, жарандык коомдун пикири шаардагы көптөгөн жашоочулардын көз карашы болуп эсептелет.

"Эгерде Бишкек шаарынын мэри ачык-айкын, атаандаштык аркылуу шайланбаса, анда мэр эч убакта жашоочулардын кызыкчылыгы үчүн иштебейт. Аларды мэрликке ким сунуштаса, ошолорго кызмат кылат. Азырынча мэрди шайлоону кийинкиге жылдыруу керек. Каалагандар шайлоого катышсаңар болот деп партиялардын, шаардыктардын жылдыруусу аркылуу атаандаштык менен ачык-айкын шайлоо өткөрүү зарыл", - деди Жээнбеков.

БЕКМАТОВ: "Бишкектин мэрин шайлоону токтото турууга негиз жок"

Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматов Бишкек шаарынын мэрин шайлоо мыйзамдын негизинде, мыйзамдын талаптарына ылайык өтүшү керек деген пикирде.

"Мэрди шайлоо атаандашсыз өтпөсүн деген норма жок. Сунуш кылынган талапкер жана ага коюлган талаптар мыйзамдагы нормаларга шайкеш келет. Шайлоону токтотуп турууга, өткөрбөй коюуга негиз жок", - деди Бекматов.

ҮМӨТАЛИЕВА: "Мэрликке талапкер чыгарбай коюу - өкмөт башчынын шалаакылыгы"

Укук коргоочу Токтайым Үмөталиева шайлоо деген тандоо түрүндө өтүшү зарыл деген пикирин айтты.

"Шайлоо деген өзү тандоо да. Эң аз дегенде эки адамдын арасында тандоо жүргүзүлүшү керек. Тандай турган адам жок болсо ким тандалат? Мындай боло турган болсо түз кызматка коё турган кылуу абзел. Мыйзамда андай жок. Тилекке каршы, учурда түз дайындап койгондой эле болуп калууда. Башка чакан шаарларда 2-3 адамдын ортосунда жүрөт, чоң шаарларда бир гана адам талапкер болууда. Бул деген чоң шаарларды колго алып, бекемдеп жатат дегендик.
Талапкер чыгарбай коюу - өкмөт башчынын шалаакылыгы. Өздөрүнүн адамын өткөргүсү келет экен анда жок дегенде катчысын болсо да талапкер кылып чыгарып, атаандаш кылып койбойбу", - деди Үмөталиева.

ТҮЛЕЕВ: "Жарандык активисттердин шаардыктардын атынан сүйлөгөнү туура эмес"

Бишкектин мурунку мэри Нариман Түлеевдин айтымында, шаар башчыларын эл шайлай турган тартипти ушул шайлоодон кийин киргизиш керек.

"Мэрликке талапкерлигин койгон Азиз Суракмактовду тааныйм. Анын талапкерлигин колдойм. Ал эми жарандык активистпиз деп Калича Өмүралиева жана башкалар жүрөт. Бирок алардын шаардыктардын атынан сүйлөгөнү туура эмес. Алардын ар биринин өзүнчө кызыкчылыгы бар. Өздөрү да мэрликке ат салыша берсе болот эле да. Эч ким аларга тоскоол болгон жок. Мэрди шаардык кеңештин депутаттары эмес, шаар тургундары шайлашы шарт деген пикир эң туура. Биз мэрди эл шайласын деп мурда эле Алмазбек Атамбаевге айтканбыз. Тилекке каршы, Атамбаев бийликке келгенге чейин “эл шайлайт, УКМКны жоём” деп алып, келгенден кийин тескерисин кылбадыбы. Ушул шайлоодон кийин жаңы мыйзам киргизип, мэрди эл шайлай турган кылса жакшы болмок. Депутаттарды карап көрсөңөр баарынын шаарда жеке кызыкчылыктары бар. Алар клан-кланга бөлүнүшкөн. Белгилүү үй-бүлөлөр, белгилүү кландар бар. Аймактык топторго бөлүнүп кетишкен", - деди Түлеев.

КАДРАЛИЕВ: "Бардыгы мыйзам чегинде болуусу шарт"

Бишкек шаардык кеңештин депутаты Асылбек Кадралиев бардыгы мыйзам чегинде болуусу шарт деп билдирди.

"Мэрди шайлоону токтотуп туруу боюнча жарандык активисттердин демилгесин колдобойм. Бардык нерсе мыйзамдын негизинде болуусу зарыл. Мыйзамга каршы чыккан туура эмес", - деди Кадралиев.

ЖЭЭНБЕКОВ: "Шаардык кеңеш жогору жактан кандай тапшырма келсе ошону аткарганга даяр"

Жалал-Абад шаарынын экс-мэри Максат Жээнбеков Бишкек мэрин шайлоо күнүн жылдырууну толук колдой турганын айтты.

"Бишкек мэрин шайлоо учурда резонанс жаратууда. Коомчулук коюп жаткан талап туура. Шайлоону жылдырууну толук колдойм. Себеби эл буга чейин ушул жол менен шайланган Кубанычбек Кулматов менен Албек Ибраимовду көрдү да. Ошондо да шаардык кеңештин депутаттары бирден колдоп берген. Жыйынтыгында камалышты. Мен Бишкек шаарынын депутаттарын такыр түшүнбөй жатам. Атаандаштык болуш керек эле. Ошондо гана өнүгүү болот. Шаардык кеңеш жогору жактан кандай тапшырма келсе, ошону аткарганга даяр. Мэрди шаар тургундары шайлашы үчүн мыйзамды өзгөртүү зарыл. Азыр депутаттар элге акча таратып туруп, кайра жыйнап алууну адатка айлантып алды. Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары элдин атынан сүйлөгөнү туура эмес. Алар добушту сатып алышкан", - деди Жээнбеков.

ЖУРАЕВ: "Атаандашсыз талапкердин көрсөтүлүшү шайлоо деген атка туура келбейт"

Саясат таануучу Эмил Жураевдин пикиринде, коомго анча таанымал эмес адамдын мэрлик кызматка атаандашсыз көрсөтүлүшү шайлоонун табиятына туура келбейт.

"Жарандык активисттер көтөрүп жаткан демилгени туура деп ойлойм. Талапкерлерди алып чыккан демилгечилердин сунушу мэрлик жумушка каршы келип жатат. Анткени Бишкектеги эң чуулгандуу иштер жер маселесине барып такалат. Ал эми мэрликке талапкер Азиз Суракматов дал ушул тармакта иштеп, эл ичинде ар кандай сын-пикирлер айтылып жүргөн адам. Мындан сырткары бул кишинин алгылыктуу аткарган иши, сүйлөгөн сөзү деле белгисиз. Бишкектин мэри кеминде премьер-министрге тете келген кызмат болуп эсептелет. Анан ушундай чоң кызматка коомго анча таанымал эмес адамдын атаандашсыз көрсөтүлүшү уят иш. Альтернативасы жок шайлоолор буга чейин да болуп келген. Анын жыйынтыгын көрүп жатабыз. Кадр тандоодо эл алдында көрүнүктүү иши, тажрыйбасына карап эмес, кайсы бир саясий топторго кызмат кыла турган адамдар көрсөтүлүүдө. Чынында Бишкек мэрине татыктуу кадрлар бар, алар көрсөтүлбөй жатат", - деди Жураев.

Бир кезде Бишкек шаарынын мэри болуп эмгектенген Феликс Кулов жана Аскар Салымбеков комментарий берүүдөн баш тартышты.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан