Бишкек мэрлигине талапкер Азиз Суракматов менен шаардык кеңештеги оппозициялык "Республика-Ата Журт" фракциясы жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу SUPER.KG порталына шаардык кеңештеги аталган фракциянын мүчөсү Асылбек Кадралиев билдирди.
"Азиз Суракматов менен жолугушуу болду, шаар мэрлигине талапкер алдыдагы жасай турган иштери менен бөлүштү. Биз өзүбүздүн суроолорубузду бердик. "Республика-Ата Журт" фракциясы Суракматовдун талапкерлигин колдойбу же жокпу, ал маселе чечиле элек", - деди Кадралиев.
Айта кетсек, Суракматов Бишкек мэрлигине жалгыз талапкер, "Республика-Ата Журт" оппозициялык фракциясы талапкер сунуштабай турганын билдирсе, премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Бишкек шаарынын мэрлигине талапкер сунуштабай турганы белгилүү болгон.
Борбордук шайлоо комиссиясы мэрди шайлоону 8-августка белгилеген.