Чүй ОИИББи: "Жаш жубайлардын жана 2 жашар наристенин өмүрүн алган жол кырсыгына БМВ унаасынын айдоочусу күнөөлүү"

31-июль күнү Чүй облусунун Жайыл районунда Тойота Ист жана БМВ үлгүсүндөгү эки унаа кагышып, кырсыктан Тойота Истте бараткан эки жаш жубай жана алардын 2 жаштагы баласы каза болгон. Чүй облустук Жол коопсуздугун көзөмөлдөө башкармалыгынан 2-августта кабарлашкандай, жол кырсыгына БМВ унаасынын айдоочусу күнөөлүү болууда.

Маалым болгондой, учурда БМВ унаасынын айдоочусунан кан алынып, экспертизага жиберилди.

"Кырсыкка күнөөлүү болгон БМВ унаасында окуя учурунда үч адам болгон. Айдоочусу башынан жаракат алып Жайыл районундагы аймактык ооруканага жаткырылган. Анын кырсык катталган кезде спирт ичимдигин ичкенин же ичпегенин текшерүү үчүн канынын үлгүсү алынып экспертизага жөнөтүлдү", - деп билдиришти Жол коопсуздугун көзөмөлдөө башкармалыгынан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан