
Мексикада 12 жаштагы өспүрүм
Карлос Антонио Сантамария тарыхтагы эң жаш студент аталды. Ал Мексикадагы Улуттук автономдук университетине тапшырган. Бул тууралуу чет элдик басылмалар аталган окуу жайдын билдирүүсүнө таянып жазып чыгышкан.
Белгилүү болгондой, Карлос Антонио жогорку окуу жайга тапшыруу үчүн мектептеги сынактарды мөөнөтүнөн эрте тапшырып, аттестат алган. Ал 10 жашынан тарта жогорку окуу жайдагы дарстарга барып, аналитикалык химия, биохимия жана молекулярдык биология боюнча билим алган. Эми жаш студент университеттен биомедицинанын физикасын окуйт.
Карлос Антонио "мен окуп, билим алгым келет. Эгерде окуу жай мага эшигин жапса анда терезеден кирип окуй берем" деген.