Түндүк Корея лидери Ким Чен Ын АКШ президенти Дональд Трампка кат жазды

Түндүк Корея лидери Ким Чен Ын АКШнын президенти Дональд Трампка кат жазды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар Ак Үйдүн басма сөз катчысы Сара Сандерске шилтеме берүү менен жазып чыгышты.

Маалыматка караганда, бул Ким Чен Ындын Дональд Трампка жазган экинчи каты. Биринчи каты 6-июлда жөнөтүлүп, анда Түндүк Корея лидери саммит үчүн АКШ президентине ыраазычылык билдирген.

"Экинчи кат 1-августта келип түшкөн. Сандерс катта так эмнелер жазылганын ачыктаган жок. Болгону анда 12-июнь күнү Сингапурда өткөн саммиттин жыйынтыктарын ишке ашыруу жазылганы айтылган", - деп жазылат маалыматта.

2-августта Трамп Түндүк Корея лидеринен кат алганын социалдык тармактагы баракчасына жазды. Катта эмне жазылгандыгы айтылган эмес. Ал эми АКШнын президенти өзүнүн постунда корей согушунда каза болгон аскерлердин сөөк калдыктарын өткөрүп бергендиги үчүн Түндүк Корея лидерине ыраазычылык билдирген. 1950-1953-жылдары Корей жарым аралындагы жарандык согушта 35 миңден ашуун америкалык аскер каза болуп, 8 миңге жакыны дайынсыз жоголгон. Каза болгон аскерлердин денесинин калдыктарын Түндүк Корея буга чейин АКШга өткөрүп бербей келген.

Эске салсак, Түндүк Корея жарандык согуш учурунда каза болгон 200 америкалык жоокердин сөөгүнүн калдыгын АКШга жөнөткөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Umakg
2018-08-03 11:21:02
Да...
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан