Режеп Тайып Эрдоган Түркияга өлүм жазасын киргизүү боюнча пикирин билдирди

Эрдоган маркумду акыркы сапарга узатуу иш-чарасында. Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган өлкөгө өлүм жазасын киргизүү керек деген пикирде. Ал мындай пикирин терракттан каза болгон жарандарды акыркы сапарга узатуу иш-чарасында айтканын чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Түрк лидери өлүм жазасын террористтер үчүн киргизүү керектигин билдирген. "Эгер өлүм жазасын киргизүүнү парламент колдосо, мен сөзсүз ал мыйзамга кол коюп бермекмин. Террористтер өз кылмышы үчүн сөзсүз түрдө жооп бериши керек", - деп айткан Эрдоган.

Айта кетсек, ал Түркиянын Хаккари провинциясында жардыруудан каза болгон 2 адамды акыркы сапарга узатуу иш-чарасына катышкан. Аталган террактты "Курдистандын жумушчу партиясы" уюштурганы белгилүү болгон.

Эрдоган 2016-жылдагы аскердик төңкөрүлүштөн кийин да өлүм жазасын киргизүү керектигин айткан болчу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
ailin_2017
2018-08-03 08:54:30
Бизге да киргизиш керек олум жазасын айрыкча педофилдерге ошондо гана кылмыштуулук азаят эле
+5
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан