Кытай менен АКШ ортосунда соода согушу күчөдү

АКШ менен Кытай ортосунда соода согушу күчөдү. АКШ тарап бажы салыгынын суммасы 200 миллиард долларга чейин жете тургандыгын билдирди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.

Маалыматка ылайык, АКШнын соода өкүлү Роберт Лайтхайзердин билдиришинче, Дональд Трамптын бажы тарифин көтөрүү демилгеси талкууланып жатат. Ал эми Кытай тарап мындай чечимди кабыл алуу алдында эки өлкөнүн ортосунда карым-катышты таразалап, анан чечим чыгарууга чакырган.

Кечээ, 2-августта Сингапурда өткөн Чыгыш Азия өлкөлөрүнүн тышкы иштер министрлеринин форуму учурунда Кытайдын тышкы иштер министри Ван И: "Мындай демилге менен АКШ өзүнүн гана абалын татаалдантып алат", - деп айткан. Ошону менен катар Бээжин бардык маселени сүйлөшүү жолу менен чечүүгө даярдыгын билдирген.

Айта кетсек, АКШ менен Кытай ортосундагы соода согушунун чыңалуусу 6-июль күнү күчөгөн. Анда АКШ Кытай мамлекетинен келген товарларга 25 пайыз бажы салыгын салган. Буга жооп иретинде Кытай да АКШдан алып келинген товарларга бажы салыгын жогорулаткан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Aidanchik
2018-08-03 11:57:27
Кытай канча пайызга жогорулатыптыр?
0
rysik79
2018-08-03 12:31:37
Кытай менен согушуп пайда таппайт амерлер
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан