Аткезчилик жол менен ташылып келген тамекиден өлкө казынасына 1 миллион сомдон ашык зыян келтирилди

Аткезчилик жол менен ташылып келген 75 куту тамеки кармалды. Мындай маалыматты SUPER.KG'ге Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү (Каржы полициясы) кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, мыйзамсыз ташып келүү фактысы Каржы полициясы жана Чек ара кызматы менен биргеликте аткезчиликке бөгөт коюуга багытталган иш-чаранын алкагында аныкталган.

“Ушул жылдын 1-августунда Аламүдүн районундагы “Ак-Жол” көзөмөл-өткөрүү пунктунан жүргүнчү ташыган Neoplan 116 Citiliner автобусу токтотулуп, текшерүү маалында тиешелүү документтери жок тамеки заттары табылган. Кармалган тамекилердин айрымдарында Тажикстандын акциздик маркасы болсо, көбүндө эч кандай акциздик марка болгон эмес. Жалпысынан унаада 50 миң кутуга жакын тамеки болгон. Аталган мыйзамсыз иштин кесепетинен өлкө казынасына 1 миллион сомдон ашык зыян келтирилген”, - дейт маалымат кызматы.

Азыркы убакта чогултулган материалдар Каржы полициясынын Тергөө башкармалыгына юридикалык баа берүү үчүн өткөрүлүп берилген.

Аткезчилик жол менен ташылып келген тамеки кутулары кармалды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
ooki8888
2018-08-04 10:44:36
Контрабанда менен иш кылган, жуз кишинин бироон кармап,токсон тогузун коеберишет.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан