"Ош шаарынын жана ага жакын айылдардагы тургундарды күнү-түнү таштандынын күйгөндөгү жыты жүдөтүп жатат", - деп окурман өзүнүн билдирүүсүн "Элдик кабар" рубрикасына жазды.
Анын айтымында, жайкысын бул маселе күч алат. Ысыкта таштанды таштоочу жай сасып, өрттөнгөндө жыты шаарды каптайт.
"Негизи бул маселе 3 жылдан бери эле көтөрүлүп келет. Таштанды таштоочу жай эл жашаган аймакка жакын болуп калган. Дароо көчүрүш кыйын экенин түшүнөбүз, бирок тиешелүү тараптардан элди таштандынын жытына, түтүнгө ууландырбай турган аракеттерди жасаганын көрө элекпиз. Эреже боюнча шаардык таштанды таштоочу жай менен калк жашаган аймактын аралыгы канча болушу керек? Бизде канча болуп турат? Маселени чечүү планда барбы?" - деп суроо салган.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.