Токмок шаарындагы христиандардын мүрзөсүндөгү эки көрүстөндүн ортосунан эркек кишинин жансыз денеси табылды. Бул тууралуу Чүй ОИИБи маалымдап, дене чирий баштагандыктан анын улутун жана жаш курагын аныктоо мүмкүн эмес экенин белгиледи.
Маалыматка ылайык, адамдын жансыз денеси ушул жылдын 21-июлунда табылып, ушул күнгө чейин аты-жөнү аныкталбай жатат.
"Анын денесинде кыйнап өлтүргөн белгилер бар. Бою - 165-170 сантиметр, чачы кара, кыска, оң акырегине сынгандан кийин операция жасалган. Маркумдун үстүндө кара түстөгү спорттук костюм, кара-көк түстөгү спорттук шым болгон. Анын жанынан боз түстөгү топу жана кара түстөгү, кызыл гүлдүү көлөч табылды. Токмок шаардык милициясы Кыргыз Республикасынын 97-беренеси (адам өлтүрүү) менен кылмыш ишин козгоду. Милиция маркумдун кийимдери аркылуу аны табышууга коомчулуктан жардам сурайт", - деп жазылат маалыматта.
Маркумду тааныгандар, ал тууралуу билгендер жана кылмыш тууралуу уккандар болсо 0 (701) 15 52 57
0 (312) 60 72 26 номерлерине же 102 кыска номерине кабарласа болот.