Өмүрүнүн 36-жайында каза болгон актрисанын өлүмү табышмак бойдон калган.
АКШнын секс-символу аталган атактуу актриса Мэрилин Монронун табышмактуу өлүмүнө бүгүн, 5-августта 56 жыл болду. Расмий маалыматтарга караганда, ал өз өмүрүнө кол салып - курамында хлоральгидраттын таблеткалары бар уктатуучу дарыны ашыкча өлчөмдө ичип каза болгон. Бирок айрым адистер анын ашказанында дары ичкендиги тууралуу эч кандай белги болгон эместигин айтып чыгышкан. Ошондой эле ал өлүм алдындагы катын жазып калтырган эмес.
Актрисанын жансыз денеси телефонду кармаган абалында Лос-Анжелес шаарындагы үйүнөн табылгандыгы тууралуу дагы маалыматтар бар. Мэрилин Монро өмүрүнүн акыркы жылдарында ошол учурдагы АКШнын президенти Жон Кеннеди менен сүйүү мамилесинде болгон деген кептер айтылган. Президенттин туулган күндүк кечесине актриса барып, "Happy Birthday, Mr. President" аттуу ырды аткарып берген. Бул окуядан кийин экөөнүн чогуу жүргөнүн эч ким көргөн эмес, ал эми актриса маалымат каражаттарына президент тууралуу көп кызыктарды айтып берүүгө даяр экенин айтып чыккан. Мындан улам актрисаны президент буюртма менен өлтүрткөн деген версия бар.
Актриса 1926-жылы 1-июнда АКШнын Лос-Анжелес шаарында төрөлгөн. Өз аты-жөнү - Норма Жин Бейкен. 1944-жылы болочок актрисанын фотомоделдик карьерасы башталса, 1950-жыл Мэрилин үчүн ийгиликтүү жылдардан болуп, 5 кинотасмада роль жараткан. Ал тургай мурда "сени биздин киностудиядан көргүбүз келбейт" деп кууп жиберген "XXкылым - Фокс" студиясы кайрадан роль сунуштаган. 1953-жылы Мэрилин Монро айтылуу "Жигиттерге сары чачтуулар жагат", "Кыздардын эң жакын курбулары - бриллианттар" деген тасмаларда башкы ролдорду ойногон.
Кызыктуу маалыматтар
1942-жылы Жеймс Догерти аттуу адам менен баш кошуп, никеси 4 жылга созулган. Экөөнүн ажырашуусу актрисанын фотомоделдик кесипти аркалоосуна байланыштуу болгон. 1954-жылы бейсболчу Жо Ди Мажиого турмушка чыккан. Спортчу жубайын бардык эркектерден кызганып, ага кол көтөргөнүнө байланыштуу ошол эле жылы түгөйлөр ажырашып кетишкен. Актрисаны акыркы сапарга узатуу зыйнатына аны сүйгөн мырзалардан жалгыз гана Жо Ди Мажио келген деген маалымат бар. 1956-жылы драматург Артур Миллерге баш кошуп, 5 жыл чогуу өмүр сүргөн. Мэрилин Монро балалуу болууну кыялданып, бирок тилеги ишке ашкан эмес.
5-августка карата жылнаама.