"Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев өкмөттүн Талас облусундагы өкүлү Марат Мураталиевге "Таласта канча мектеп аккредитациядан өткөн" деген суроо менен кайрылды. Бирок Абылгазиев Мураталиевдин маалыматына канааттанган жок.
"Биз силердин көркүңөрдү көрөлү деп чакырган жокпуз да. Кийин дагы ушинтип даярданып келсеңиз, отурумга киргизилбейсиз. Мындай даярдык менен өкмөт жыйынына келбеңиз. Башкалар эмне деп ойлойт? Же кагазыңыз жок же планшетиңиз жок. Ушунчалык акылдуу болсоңуз, планшетиңиз менен чыгыңыз да", - деди премьер-министр.
Өкмөттө жаңы окуу жылына жана саламаттыкты сактоо тармагына арналган жыйын өтүүдө.